Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР
6 ноябрь 2024
36

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулар үчүн “Жасалма интеллект: билим берүүдөгү жаңы усулдар” аталышында 2 күндүк семинар уюштурулду.
Семинарды университеттин окутуучулары Айсырга Ырысбаева жана Бектурали Исамидин уулу өтүп, мында катышуучулар нейросеттерде иш алып баруу, жасалма инттеллектти илимде колдонуу жана интерактивдүү оюндарды жасоо боюнча өз билимдерин кеңейтишти.
Бул менен бирге тренерлер тарабынан электрондук платформалардын түрлөрү, ЖИнин бүгүнкү күндөгү орду, жандуу сабактын элементтери, дизайн, презентация, заманбап услдардын үлгүлөрү жана билим берүүгө пайдалуу сайттар боюнча түшүнүк берилип, окутуучулар аталган маалыматтарды практика жүзүндө колдонушту.
Аталган саамалык жасалма интеллектти колдонуу боюнча билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле билим берүү процессин модернизациялоо үчүн берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, окутууда заман талабына жараша инновациялык усулдарды колдонууга багыт берүү максатында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro