6 ноябрь 2024
51
ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
Урматтуу студент достор!
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдыгына жана 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата окуу жайдын коомчулук менен байланыш бөлүмү “МЫКТЫ ВИДЕО REELS” сынагын жарыялайт!
Сынакка ОшМПУда окуган ар бир студент катыша алат. Мында катышуучулар студенттердин жашоосун чагылдырган кыска видео тартуусу керек (Темалар сунушталат, катышуучу өз каалаганын тандаса болот). Ал эми видеонун тематикасын катышуучу өзү тандайт (комедия, драма, трагедия ж.б.) Ошондой эле видео рилс форматында тартылуусу шарт жана студенттин түрдүү гаджеттерди (телефон, аппарат, видео-камера) колдонуусу өз эркинде. Сунушталган темалар: “Мен студент”, “ОшМПУга 100 жыл”, “Студенттин бир күнү”.
Катышуучулар даяр болгон видеосун 14-ноябрга чейин 0701808539 номерине телеграмдан жиберүүсү шарт. Комиссиялык топ талаптарга туура келген бир канча видеолорду аныктайт жана ал видеолор 15-ноябрь күнү ОшМПУнун инстаграмм баракчасына жүктөлөт.
Студенттердин эмгектери комиссия тарабынан каралып чыгат. Калыстар тобунун ар бир мүчөсүнүн өзгөчө пикирлерин эске алуу менен сынак ачык-айкындуулук принциптерине негизделет. Эң башкысы видеонун мазмуну, сапаты, маанилүүлүгү, таасирдүүлүгү жана андагы көрүүлөрдүн, жактыруулардын, ой пикирлердин саны да эске алынат.
Алдыңкы орундарга ээ болгондор жана активдүү катышуучулар окуу жай тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. Жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй орундар ыйгарылат: “I орун”, “II орун”, “III орун” жана кызыктыруучу 3 орун.
Белгилей кетсек, аталган сынак окуу жайды даңазалоо жана студенттердин чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү, таланттууларды табуу жана аларды колдоо, жаштарды коомчулукка таанытуу менен бирге алардын позитивдүү образынын калыптануусуна таасир этүү, видео тартууга жана ага катышууга кызыккан идеяга бай жаштарды аныктоо максатында уюштурулду.