12 ноябрь 2024
28
ОшМПУда КРнын Япониядагы консулунун колдоосу менен “Логопед-дефектология” лабораториясы ачылат
ОшМПУда КРнын Япониядагы консулунун колдоосу менен “Логопед-дефектология” лабораториясы ачылат
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Япониядагы ардактуу консулу Бунно Такаши жана консулдун Кыргызстандагы расмий өкүлү Жийдегүл Мамашева иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту.
Коноктор ректор Бекмурза Зулуевдин коштоосунда алгач университеттин материалдык-техникалык базасы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Ал менен бирге окуу жайдын алдында түзүлгөн “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болушуп, бала бакчанын ишмердүүлүгүнө күбө болушту.
Ошондой эле эки тараптуу расмий жолугушуу болуп, анда окуу жай жетекчиси Б.Зулуев ардактуу консулдун Кыргызстанга анын ичинде ОшМПУга келишин окуу жай жамааты кубануу менен тосуп жатканын жана бул иш сапарды окуу жайга гана эмес бүтүндөй Кыргызстандын билим берүүсүнө колдоо катары кабыл алаарын белгиледи. Буга катар ректор Бунно Такаши мырза менен университет ортосунда буга чейин да кызматташтык болуп, билим берүү жаатында сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.
Ошондой эле консул Бунно Такаши ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев менен болгон буга чейинки сүйлөшүүлөр жакшы натыйжа берип жатканын жана бугүнкү иш сапар да эки тараптуу кызматташтыктын көрсөткүчү экенин белгиледи. Бул менен бирге консул Бунно Такаши ректор Б.Зулуевге университеттин мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Логопед-дефектология” лабораториясын ачуу жана ички керектелүүчү каражаттарды алуу үчүн 5 мин доллар суммадагы акча каражатын тапшырды.
Жыйынтыгында Б.Зулуев консул мырзага жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн жамааттын атынан ыраазычылык билдирип, аталган долбоор көп багытта болоорун жана кыска мөөнөттө ишке ашаарын айтып өттү.