13 ноябрь 2024
52
ОшМПУнун кесиптик бирлик уюмуна жаңы төрага шайланды
ОшМПУнун кесиптик бирлик уюмуна жаңы төрага шайланды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын кесиптик бирлик уюмунун XV отчёттук кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү.
Ага Ош облустук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев, КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Мусабай Пиримкулов, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү Азизбек Рыспаев жана Оштогу жогорку окуу жайлардын, билим берүү башкармалыгынын кесиптик бирлик уюмунун төрагалары, окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жамааты жана делегаттар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө аталган уюмдун төрагасы Алманбет Кошбаев соңку 5 жылда жүргүзгөн иштери боюнча отчёттук докладын жасады. Күн тартибине ылайык жүргүзүлгөн талкуу боюнча уюмдун аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылуу менен текшерүү комиссиясы өз маалыматтарын бекитишти. Бул менен бирге конференцияда уюмдун мүчөлөрү тарабынан атайын сунуштар айтылып, делегаттар профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулашты.
Иш чаранын экинчи бөлүгү шайлоо менен уланды. Тактап айтканда, окуу жайдын кесиптик бирлиги жалпы жамааттын укугун коргогон коомдук уюм катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана 5 жылда бир жолу отчёттук конференциясын уюштуруп, атайын шайлоонун негизинде уюмдун төрагасы шайланат. Ага ылайык төрага Алманбет Кошбаевдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жобонун негизинде кайра шайлоо уюштурулду. Бул жолу шайлоого 2 талапкер аттанып, анын бири жамааттын ынтымагы үчүн өз эрки менен баш тартты. Натыйжада жалпы делегаттардын добушу менен Кубаныч Жылкычы уулу университеттин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы болуп шайланды.