Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЭЛ АРАЛЫК НААР АГЕНТТИГИ ТАРАБЫНАН ОшМПУда СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
13 ноябрь 2024
53

ЭЛ АРАЛЫК НААР АГЕНТТИГИ ТАРАБЫНАН ОшМПУда СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭЛ АРАЛЫК НААР АГЕНТТИГИ ТАРАБЫНАН ОшМПУда СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Эл аралык НААР агенттиги (Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги, Казакстан) тарабынан семинар болуп өттү.
Саамалыкка Эл аралык аккредитациялоонун Казакстандагы өкүлү, НААР көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси Ольга Алексеевна, юридикалык бөлүмдүн башчысы Багдат Медетов, окуу жай жетекчилиги жана ОшМУ, ОшТУ, КӨЭАУ, ЖаМУ, БатМУ сыяктуу түштүктөгү жогорку окуу жайлардан келген 150гө жакын окутуучулар катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө экономика илимдеринин доктору, профессор, "Евразия" Эл аралык илимдер академиясынын академиги Яновская Ольга Алексеевна жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Багдат Медетов “Эл аралык аккредитация – билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун негизги механизми” аталышында семинар өтүштү. Мында катышуучуларга НААР көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин (IAAR) максаты жана милдети, анын негизги багыттары, артыкчылыктары, ЖОЖдордун аккредитациядан өтүү жолдору боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Семинар жыйынтыкталган соң коноктор университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин коштоосунда окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты.
Белгилей кетсек, Казакстандык аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) Аккредиттөө боюнча КРнын атайын реестрине кирген жана эң негизгиси аталган параметрлерге так жооп берген уюм болуп эсептелет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro