ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
14 ноябрь 2024
10

ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ

ОКУУ ЖАЙДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Замана агымы жана төкмөлүк өнөрдүн айкашы” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Иш чарага окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, Кыргыз-Россия факультетинин деканы Айдың Токтосунова баштаган окутуучулар жамааты жана Оштогу ЖОЖдордун студенттери катышууда.
Конференциянын алгачкы бөлүгүндө студенттер тарабынан кыргыз элинин заманчыл акыны Арстанбек Буйлаш уулу, жана төкмө акындар Токтогул менен Барпыны даңазалаган чакан концерттик программа аткарылды.
Аны улай иш чара пленардык жыйын менен уланып, мында КӨЭАУнун студенти Сыргайым Имомидин кызы, ОшМУнун студенти Аксамай Жумабаева жана ОшМПУнун студенти Кызжибек Маткерим кызы өз баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер 13:00дөн 16:00гө чейин уланат. Алдыда конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылат.
Белгилей кетсек аталган иш чара Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына жана Токтогул Сатылгановдун 160, Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине карата Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro