15 ноябрь 2024
28
КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ
КОЛЛЕДЖДЕ КҮЗ ЖАРМАНКЕСИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде "Берекелүү алтын күз " аталышында күз жарманкеси болуп өттү.
Салтка айланып калган бул саамалык колледждин жаштар комитети менен биргеликте дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Иш чара 1-курстун тайпалары ортосунда өтүп, мында студенттер мыкты деңгээлдеги даярдык менен катышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Жарманкеде катышуучулар жобого ылайык күзгү элести чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды, икэбаналарды стол үстүнө жайышты. Ошондой эле “Күз периси” аттуу мода көргөзмөсүн көрсөтүлүп, иш чара талантуу студенттердин концерттик программасы менен коштолду.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан ар бир тайпанын чыгармачылыгына карата упай берилип, байгелүү орундарга диплом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Белгилей кетсек буга чейин дал ушул 1-курстар ортосунда көркөм окуу жана сүрөт тартуу сынагы уюштурулган. Жеңүүчүлөр бүгүнкү иш чарада сыйланышты.