18 ноябрь 2024
42
ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү белгиленип, майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө жаштар комитети тарабынан концерттик программа тартууланып, мында студенттер өзгөчө шаң менен өз таланттарын көрсөтүштү. Майрамдык кечеде окуу жайдын “Vipstar” тамашоу курама командасы оюн курушуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты. Мындан сырткары обондуу ырлар, бийлер аткарылып, оюндар ойнотулду.
Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кече сыйлоо аземи менен уланды. Ага ылайык окууда жана коомдук иш чараларда дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жаткан студенттер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бул менен бирге түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге да сыйлыктар берилди. Ошондой эле ОшМПУнун ардактуу окутуучусу, тарыхчы маркум Турсун Абжаловдун урматына үй бүлөсүнүн атынан тарых адистигинде билим алган 2 студентке 5000 сомдон стипендия ыйгарылды.