ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
19 ноябрь 2024
4

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ СТУДЕНТТЕР КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курстарды кабыл алуу иш чарасы болуп өттү.
Ага аталган факультеттин деканы Нурбек Маткаримов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин чыгармачылык кечесине жана сыйлоо аземине күбө болушту.
Иш чарада студенттик күндөрдү чагылдырган, окуу жайды даңазалаган видео-ролик коюлуп, мында катышуучулар обондуу ыр, бий номерлерин аткарып, поэзия айтып, тамашоу оюндарын ойношуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Аны улай шаардык, эл аралык сынактарда, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан, окууда мыкты жетишкендиктерге жеткен жана коомдук иш чараларда өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Бул менен бирге т-21-б1 тайпасы “Мыкты тайпа” жана куратору Анара Жолдошова “Мыкты куратор” номинациясы менен сыйланды.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына, студенттик сапарына ийгиликтерди каалап өтүштү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro