19 ноябрь 2024
25
ОКУУ ЖАЙДА ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ УЮШТУРУЛДУ
ОКУУ ЖАЙДА ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Сезимдин сары жалбырагы” аталышында поэзия кечеси болуп өттү.
Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер күбө болушту. Мында Кыргыз-Россия факультетинин Кт-22 тайпасындагы жаш калемгерлер Гулиза Маматалиева жана Байэл Мукушовдун акындык өнөрүндөгү алгачкы тушоосу кесилди.
Ага ылайык поэзия кечесинде жаш калемгерлер өз автордук ырларынан жана акындардын ырларынан көркөм окушуп, таланттуу студенттер тарабынан фортепиано жана скрипканын коштоосунда сүйүү ырлары жаңырды. Бул менен бирге сахналык көрүнүштөр аткарылып, обондуу ырлар созулду.
Ошондой эле иш чара учурунда студенттер күтүүсүздөн окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевден поэзия айтып берүүсүн суранышып, ректор студенттердин сунушун четке какпастан патриоттук ыр айтып берди.