Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЛИМИЙ ДИСКУРС ӨТКӨРҮЛДҮ
20 ноябрь 2024
74

ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЛИМИЙ ДИСКУРС ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУнун ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЛИМИЙ ДИСКУРС ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде илимий дискурс уюштурулду.
Саамалыка окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, гуманитардык факультетинин деканы Нурбек Маткаримов жана окутуучулар катышты. Мында профессор К. Зулпукаровдун илимий мектебинин мүчөсү, окутуучу Гүлнара Акылбекованын “Улуттук лингвомаданияттагы табу түшүнүгү: адабий чагылдыруу жана лингвокогнитивдик анализ” аттуу илимий макаласы талкууга алынды.
Илимий дискурста кыргыз эл жазуучусу Топчугул Шайдуллаеванын "Балакана" аттуу аңгемесинде улуттук лингвомаданияттагы табу түшүнүктөрүнүн көркөм адабий дискурста иштелиши кызуу талкууланды. Ага ылайык көркөм адабияттагы табу концептине лингвокогнитивдик анализ жүргүзүү, изилденүүчү Гулнара Акылбекованын жетишкендиги деп бааланды.
“Мындай илимий талкуулардын ар бир факультетте өткөрүлүп туруусу-университеттин илимий потенциалынын өнүгүүсүнө жол алат. Бүгүнкү талкууга алынган макаланы да “ОшМПУ жарчысы” журналына басууга сунуштайм. Бул илимий талкуу филология багытындагы илимпоздор, окутуучулар жана аспиранттар үчүн жемиштүү болду деп ойлойм”-дейт Равшан Абсатаров
Белгилей кетсек аталган иш чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында университеттин илимий иштери боюнча проректору Равшан Абсатаровдун демилгеси менен уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro