20 ноябрь 2024
15
ОшМПУ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
ОшМПУ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУНА КАТЫШТЫ
2024-жылдын 20-ноябрында Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган “Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада беш мамлекеттин университеттеринин ректорлорунун форуму болуп өттү.
Аталган форумга Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев дагы катышты. Борбордук Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн активдүү маселелерин, билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу пландаштырылган форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Расул Абазбек уулунун катышуусунда өттү. Бул менен бирге Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышып, билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча талкуу жүргүзүштү.
Иш чаранын ачылышында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөзгө чыгып, ал өз сөзүндө тез өзгөрүп жаткан дүйнө, заманбап коркунучтар жана чакырыктар университеттерге жаңы талаптарды коюп жатканын белгилеп, билим берүүдө чек аралар жок болуп, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн бирге Борбордук Азия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларын биригүүгө чакырды.
Форумдун алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университети бир нече окуу жайлар менен кызматташуу келишимдерин түздү. Келишимде окуу жайлар ортосунда окутуучуларды, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар, студенттик олимпиадалар ж.б.у.с.) иш чараларды уюштуруу, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү каралган.
Саамалыктын жүрүшүндө Борбор Азиядагы университеттердин өкүлдөрү билим, илим жана бизнести интеграциялоонун актуалдуу маселелери, университеттердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциясы, коопсуздук, экономикалык изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү, билим берүүнү санариптештирүү, заманбап мугалимдин маалыматтык-технологиялык компетенттүүлүгү, дистанттык, электрондук, гибриддик окутууну ишке ашыруу, окуу процессинде жасалма интеллект тууралуу баяндама жасап, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Борбордук Азиядагы ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашууга арналган ректорлордун форумдары 2021-жылдан бери чөлкөмдүн жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү жөнүндө декларацияга (Түркстан декларациясы) кол коюлгандан бери өткөрүлүп келет. Ал документте Борбор Азиянын маданий баалуулуктарын өнүктүрүүдө университеттердин негизги ролу баса белгиленген.