Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ ГАПЫР МАДАМИНОВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
22 ноябрь 2024
25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ ГАПЫР МАДАМИНОВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ ГАПЫР МАДАМИНОВ ОшМПУда ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттерге арналган конок-лекция уюштурулду.
Иш чаранын коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гапыр Мадаминов болуп, мында ал катышуучуларга “Студенттердин өз алдынча таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштурууда АЭМди колдонуунун мааниси” аталышында лекция окуду.
Иш чаранын жүрүшүндө лектор АЭМ методикасынын практикалык көндүмдөрү, артыкчылыктары, жаштарга билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңыча усулдар, адамдык баалуулуктар, баланын билим алуусундагы ата-эненин,мугалимдердин ролу тууралуу кеңири маалымат берип, кызыктуу талкуу жүргүздү.
Бул менен бирге лекциянын жүрүшүндө студенттерге шар окуу боюнча эксперимент жүргүзүлдү. Аны улай лекция суроо-жооптор менен коштолуп, жалпы катышуучулар сабактын жүрүшүндө өз ишмердүүлүгүнө керектүү маалыматтарды ала алышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro