Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА ЭССЕ ЖАЗУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ
27 ноябрь 2024
36

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА ЭССЕ ЖАЗУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ

СТУДЕНТТЕР ОРТОСУНДА ЭССЕ ЖАЗУУ СЫНАГЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Апас Джумагуловдун 90 жылдык мааракесине карата студенттер ортосунда эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын экс премьер-министри, Геология-минералогия илимдеринин доктору Апас Джумагуловдун 90 жылдык мааракесине карата окуу жайдын студенттери ортосунда эссе жазуу сынагы уюштурулуп, сынакка жалпысынан 20дан ашык студенттер катышкан.
Мында студенттер жобого ылайык Апас Джумагуловдун аткарган иштерин, эмгек жолун жана өрнөктүү өмүрүн даңазалап, түрдүү темада эсселерди жазышкан.Натыйжада 4-орунду колледждин студенти Асема Номанжанова, 3-орунду гуманитардык факультетинин студенти Мунира Муктаралиева, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Арина Кутбидинова жана 1-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Гулиза Маматалиева багындырды. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Белгилей кетсек аталган сынак Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги (мындан ары-Министрлик) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 16-августундагы / 24-13269 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында А.Дж. Джумагуловдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын 7-пунктуна карата уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro