ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ
2 декабрь 2024
4

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ
2-декабрь Ош мамлекеттик педагогикалык университети үчүн театр күнү деп жарыяланып, ага ылайык студенттер үчүн спектакль коюлду.
Саамалык Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында өтүп, мында студенттерге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романы боюнча спектакль көрсөтүлдү. Сахнада адамзаттык түбөлүктүү темалар болгон адеп-ахлактык, экологиялык көйгөйлөр козголду. Спектаклде бул идеялар 3 багытта: айылдык ак ниет чабан Бостон менен анын карама-каршысындагы кейипкер Базарбайдын; нашаакорлук бизнесинин өкүлдөрү жана баңгилер менен диний ишмер Авдий Калистратовдун ортосундагы айыгышкан кармашуу; ошондой эле карышкырлардын жубу – Ташчайнар менен Акбаранын тагдырында адам жараткан трагедия менен берилди.
Аталган спектакль атайын келишим менен чакырылган Луначарский атындагы Россиялык мамлекеттик театралдык искусство институтунун (ГИТИС) магистранттары: Ишен Аманжолов (режиссер) жана Эрнис Бекжанов (сүрөтчү) тарабынан даярдалган.
Иш чаранын башкы максаты ааламга аты чыккан Ч.Айтматовдун элесинин түбөлүктүүлүгүн даңазалоо менен өсүп келе жаткан муундарга туура тарбия берүү, мекенчилдик сезимин күчөтүү, ата-бабалардын мурасын жана табиятты сактоо болуп саналат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro