ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
4 декабрь 2024
4

ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУда КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 3-декабрь-Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Кайрымдуу бол” акциясы уюштурулду.
Аталган акцияга окуу жайдын жалпы окутуучулар жамааты жана студенттери активдүү катышып, ыктыярдуу түрдө каражат чогултуп беришкен. Чогулган акча каражаты Ош шаарында жашаган аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө, операцияга муктаж болгон 1 кичинекей бөбөккө жана университетте билим алып жаткан 1 студентке тапшырылып, алар тарабынан жылуу пикирлер, ыраазычылыктар жана ак баталар айтылды. Бул сыяктуу кайрымдуулук акциялар студенттерди боорукерликке, камкордукка чакыруу, сый – урмат көрсөтүүгө тартуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Маалымат иретинде 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган. Бул күндүн максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, аларды колдоо болуп эсептелет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro