6 декабрь 2024
23
ЯрГПУнун ДОЦЕНТИ ОшМПУда ОКУТУУЧУЛАРГА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
ЯрГПУнун ДОЦЕНТИ ОшМПУда ОКУТУУЧУЛАРГА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинде конок-лекция уюштурулду.
Конок-лекцияны К.Д. Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинен келген г.и.к., доцент Татьяна Юрьевна Кондакова өтүп, ага аталган факультеттин окутуучулар жамааты жана ЯрГПУдан келген коноктор катышты.
Ага ылайык лектор “Россиянын жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жаңы векторлору: көйгөйлөр жана тенденциялар” аталышында сабак өтүп, мында жалпысынан билим берүүнүн саясаты, улуттук максаты, милдети, эл агартуу министерствосунун федералдык проекттери, билим берүүнүн 8 деңгээлдүү квалификациясы, ЯрГПУнун агартуу тармагындагы жана илимий ишмердүүлүгү туурасында кеңири маалымат берилди. Иш чаранын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, саамалык жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.