10 декабрь 2024
51
ОшМПУда “ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРДУН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТАРЫХЫ” ОКУУ КИТЕБИНИН АЧЫЛЫШЫ ӨТТҮ
ОшМПУда “ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРДУН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТАРЫХЫ” ОКУУ КИТЕБИНИН АЧЫЛЫШЫ ӨТТҮ
Билим берүүнүн тарыхына кызыккандардын жана өлкөбүздүн педагогдорунун китеп текчеси дагы бир жаңы эмгекке толукталды.
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиевдер жазган “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы” аталышындагы окуу китебинин ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш чарага окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, тарыхчылар жана профессордук-окутуучулук курам катышты. Жыйында авторлор китептин мазмуну, камтылган идеялары жөнүндө айтып, дүйнөлүк алкакта таалим-тарбиялоонун жана педагогикалык ойлордун пайда болушунан баштап учурдагы абалына чейинки мезгилди камтыган маалыматтарды беришти. Жана бул окуу китеби Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналгандыгын белгилешип, эмгек төрт жыл ичинде жазылып бүткөндүгүн билдирип өтүштү.
Бул менен бирге катышуучулар ортосунда кызыккан суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Мындан сырткары талкуу учурунда Алмазбек Бейшеналиев 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн зарылдыгын баса белгилөө менен анын артыкчылыктарына токтолду. Китептин жарыкка чыгышы педагогикага, билим берүү системасына чоң салым кошо турганын билдирип, педагогдорду даярдоодо пайдалуу ыкмаларды киргизет деген үмүттө экендигин айтты. Саамалык окутуучулар тарабынан айтылган сунуштар, ыраазычылыктар жана жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.
Белгилей кетсек, аталган китепте педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу, өнүгүү процесси иликтенген. Ошондой эле бул эмгекте билим берүүнүн жана тарбиялоонун пайда болушу, өлкөлөрдүн өнүгүүсүндө мугалимдердин ролу, атактуу аалымдардын, ойчулдардын, философтордун жана педагогдордун билим берүү жана болочок муунду тарбиялоо тууралуу ойлору баяндалат.