17 декабрь 2024
56
ӨЗГӨН РАЙОНУНУН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ОшМПУда
ӨЗГӨН РАЙОНУНУН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ОшМПУда
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, адистери жана жалпы орто билим берүүчү мектептердин директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.
Алгач коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, ар бир аудиторияга кирип, студенттерге мектептерде жетишпеген кадрлар жөнүндө маалымат беришип, аларды мектепке иштөөгө чакыруу менен суроо, жооптор жүргүзүлдү. Ал эми саамалыктын расмий бөлүгү “Санариптик технологияларды сабакта колдонуу мүмкүнчүлүктөрү” аталышында өтүп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев баштаган мугалимдер жамааты катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө ректор Бекмурза Зулуев 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелери, билим берүүнү трансформациялоо, мугалимдердин билимин өркүндөтүү жаатында окуу жайда жүрүп жаткан иш-аракеттер, алдыдагы пландар, университет менен мектептердин байланышын күчөтүү, квалификациясын жогорулатуу жаатында сөз сүйлөдү. Аны улай Өзгөн районундагы билим берүүдөгү жетишкендиктер, райондогу мектеп жетекчилердин ишмердүүлүгү туурасында маалыматтар айтылып, отурум кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Ошондой эле мектеп админстрацияларына , предметтик мугалимдерге квалификация жогорулатуучу курстарды уюштуруу жана келип окууга ден соолугу же үй-бүлөлүк шарты туура келбеген мугалимдер үчүн көчмө курстарды уюштуруу, ЖОЖ го даярдоо мелелери боюнча эки тараптуу биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланды.
Андан соң катышуучулар үчүн атайын масстер-класстар өткөрүлдү. Мында ОшМПУнун мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Шербаева “Сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүнүн заманбап ыкмалары аталышында сабак өтүп, бөлүмдүн иш-аракеттери тууралуу да түшүнүк берди.
Ошондой эле окутуучу Айсырга Ырысбаева “Цифрдик доордо билим берүү: Жасалма интеллект жана голограммалар”, окутуучу Нуриза Мамашерип кызы “Эмоционалдык интеллект EQ”, Айзат Абдыразак кызы “Биология сабагында виртуалдык лабороторияларды колдонуу жолдору” аталышында сабактарды өтүштү. Иш чара коноктор тарабынан айтылган ыраазычылыктар жана жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.