Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУУ ЖАЙДА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
18 декабрь 2024
39

ОКУУ ЖАЙДА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ОКУУ ЖАЙДА МАГИСТРАНТТАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ТЕОРИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан илимий-теориялык конференция уюштурулду.
Саамалык “Кыргыз жаранынын баалуулуктарын, салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун илимий негиздери” аталышында өтүп, ага аталган бөлүмдүн башчысы т.и.к., доцент Нурила Сагынбай кызы баштаган окутуучулар жамааты, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Ага ылайык алгач пленардык жыйын өткөрүлүп, мында Пм-1-23 тайпасынын магистранты Асель Абдипатта кызы “Токтосун Самидиновдун балдар чыгармаларындагы интеллектуалдык идеялар”, ФОР(з)-1-23 тайпасынын магистранты Дамира Арзиева “Орто мектептерде орус тили сабагында морфологияны изилдөөдө предметтик компетенцияларды өнүктүрүү үчүн сингапур методун жана 5е моделин колдонуу” аталышында өз докладдарын окушту.
Аны улай ФМм-1-23 тайпасынын магистранты Айгүль Ураимова “Орто мектепте барабарсыздыкты окутууда интерактивдүү технологияларды колдонуу”, ФБК-1-24 тайпасынын магистранты Алия Назарова “Түрк, кыргыз тилдериндеги тактооч сөздөрдүн окшоштугу” темасында баяндамаларды жасашты. Аталган конференцияга жалпысынан 70тен ашык макала келип түшкөн.
Пленардык жыйын аяктаган соң катышуучулар 4 секциялык ишке бөлүнүп, өз макалаларын коргошту. Иш чаранын соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сертификаттар менен сыйланды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro