24 декабрь 2024
31
ОшМПУда “Eliza Cooking” аттуу кондитердик цех ачылды
ОшМПУда “Eliza Cooking” аттуу кондитердик цех ачылды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесин утурлай “Eliza Cooking” аттуу кондитердик цех ачылып, пайдаланууга берилди.
Кондитердик цех окуу жайдын Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору тарабынан түзүлүп, ал эми ачылуу азем университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын катышуусунда салтанаттуу өттү.
Бул демилгени борбордун жаш стартапери Элиза Болот кызы көтөрүп чыгып, мында ал катышуучуларга “Eliza Cooking” аттуу кондитердик цехти ачуу идеясы, алдыдагы пландары боюнча ой бөлүштү. Ачылышка келген коноктор ал жасаган таттуулардан даам татышып, ийгиликтерди каалап өтүштү.
Белгилей кетсек аталган кондитердик цех окуу жайдын демилгеси менен ачылып, жатканадан мыкты шарттар менен каана бөлүнүп берилген. Ошондой эле цехке керектүү каражаттар да университет тарабынан камсыздалган. Алдыда бул жерде студенттерге арналган окуу курстары өткөрүлүп, мында алар түрдүү таттууларды жасоону үйрөнүшөт.