16 январь 2025
47
СПАРТАКИАДА: СТОЛ ТЕННИСТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
СПАРТАКИАДА: СТОЛ ТЕННИСТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жүрүп жаткан спорттук спартакиада бүгүн стол тенис оюну менен уланды.
Ага ылайык факультеттер аралык профессордук окутуучулук курамдан жана кызматкерлерден суурулуп чыккан оюнчулар өз командасынын намысын коргошту. Жобого ылайык командалык курам 3 оюнчудан турат. Мында ар бир оюн 11 упайга чейин созулуп, мелдеш дайымкыдай кызуу атмосфера менен коштолду.
Жыйынтыгында 3-орунду музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунду чарба иштери бөлүмү, ал эми 1-орунду колледж камсыздады. Белгилей кетсек аталган саамалык окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо, кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган.



