17 январь 2025
78
СПАРТАКИАДАНЫН СОҢКУ ТОГУЗ КОРГООЛ ЖАНА ШАХМАТ ОЮНДАРЫ ӨТТҮ
СПАРТАКИАДАНЫН СОҢКУ ТОГУЗ КОРГООЛ ЖАНА ШАХМАТ ОЮНДАРЫ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кышкы спорттук спартакиаданын соңку оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Тактап айтканда факультеттер аралык профессордук окутуучулук курам жана кызматкерлер бүгүн спорттун тогуз коргоол, шахмат оюндары боюнча кызуу мелдеш курушту. Бул акыл оюндары командалык негизде өтүп, мында катышуучулар күчтүү даярдык менен жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында тогуз коргоол оюну боюнча 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду Кыргыз-Россия факультети, 1-орунду колледж ээледи. Ал эми шахмат боюнча 3-орунду администрация, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультети, 1-орунду чарба иштери бөлүмү багындырды.
Белгилей кетсек шахмат оюнуна дене тарбия факультетинин окутуучусу Жолдошбек Кадымаев калыстык кылды. Ал бүгүнкү мелдештин жүрүшүнө токтолуп өтүп, өз сөзүндө “Тогуз коргоол менен шахматтын тигиниси же мунусу оңойураак деп айтуу кыйын. Экөө эки башка оюн болгону менен, экөө тең стратегия менен тактиканы терең түшүнүүнү талап кылат. Тогуз коргоол оюну үчүн алысты көрө билген, логикалык ой жүгүртүү керек. Анткени анда бир нече жүрүштү алдын-ала эсептеп, так ойноо зарыл. Ал эми шахматта оюн падышаны колго түшүрүүнүн айланасында жүрөт. Мен кичинемден бери эле шахмат ойноп чоңойгон үчүн бул оюн мага кыйынчылык деле жаратпайт” – деген оюн айтты.




