19 январь 2025
42
ОшМПУнун проректору К.Раимбеков докторлук дипломго ээ болду
ОшМПУнун проректору К.Раимбеков докторлук дипломго ээ болду
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук комиссиянын чечими менен бүгүн расмий түрдө докторлук дипломго ээ болду.
Белгилей кетсек өткөн жылы ал «Булганыч сууларды биологиялык жол менен тазалоону күчөтүү үчүн жогорку түзүлүштөгү суу өсүмдүктөрүн пайдаланууну экологиялык баалоо” деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, биология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон. Коргоо иши 03.02.08- экология адистиги боюнча 2024-жылдын 27-июнь күнү Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен бирге К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн.



