Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ ӨТҮЛҮҮДӨ
20 январь 2025
47

ОшМПУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ ӨТҮЛҮҮДӨ

ОшМПУДА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ ӨТҮЛҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош медициналык колледжинин окутуучуларына арналган кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча окуу курстары өтүп жатат.
Ага ылайык катышуучуларга педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү процессин уюштуруу, сабактын типтери жана анын стурктуралары, адамдын инсандык кесиеттерин изилдөө, балдар психилогиясы жана интеллектин көп түрдүүлүгү, сынчыл ойлом порграммасынын стратегияларын колдонуу жолдору боюнча кеңири маалымат берилүүдө.
Бул менен бирге программага ылайык окутуучулар SMART жана деңгээлдик окутууну айкалыштыруу, санарип технологиялардын мезгилинде кыргыз тилин пайдалануу, билим берүүдөгү жаңы маалыматтык коммуникациялык технологиялар, билим берүүдө усулдан сапатка өтүү усулдары: кроссенс, элестетүү, Тайм-Роман-Рубин усулу менен бышыктоо, 3D симуляция, виртуалдык лабораторияларды иштетүү сыяктуу бир топ темалардын алкагында өз билимдерин өркүндөтүшмөкчү.
Бул саамалык 15-январда башталган. Алдыда иш чара 10 күнгө уланат. Жыйынтыгында уюштуруу тобу тарабынан катышуучуларга курсту аяктоо боюнча сертификаттар тапшырылат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro