Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда УКМК кызматкери менен жамааттын жолугушуусу өттү
22 январь 2025
49

ОшМПУда УКМК кызматкери менен жамааттын жолугушуусу өттү

ОшМПУда УКМК кызматкери менен жамааттын жолугушуусу өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкеринин катышуусунда коррупцияны алдын алуу жана жоюу маселеси боюнча жыйын өттү.
Жолугушууга УКМКнын Оштогу кызматкери, ОшМПУну көзөмөлдөгөн куратор, университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты.
Мында ректор Бекмурза Зулуев жыйындын максаты тууралуу түшүндүрмө берип, жетекчилик тарабынан коррупция боюнча олуттуу эскертүүлөрдү берди. Аны улай 2024-жылы Ош шаарында жана Ош облусунда окуу жайларда жүз берген коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бети ачылган кылмыштар туурасында видео тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле куратор катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларындагы беренелерге өзгөртүүлөр киргендигине токтолуп, мындан ары укук коргоо органдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы аёосуз күрөшкө багыт алгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди. Бул менен бирге окуу жайда коррупциялык иштерди болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы тууралуу төмөнкү ссылка аркылуу таанышууга болот: https://cbd.minjust.gov.kg/4-5457/edition/24675/kg 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro