22 январь 2025
54
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, ОшМПУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Абдиваит Тажибаев дүйнө салды
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, ОшМПУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Абдиваит Тажибаев дүйнө салды
2025-жылдын 22-январында 95 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдиваит Тажибаев каза болду. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Абдиваит Тажибаев 1930-жылы 9-майда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылында туулган. Жогорку билимдүү, адистиги боюнча экономист.
Эмгек жолун 1950-жылы Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайын, азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университетин аяктаган. Андан соң Ноокат районунун Көтөрмө айылындагы Тельман атындагы 7 жылдык мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган.
- 1952-1957-жылдары Ташкентеги финансы-экономика институтун бүтүргөндөн кийин экономист кесиби боюнча иштеп жүрүп, Ноокат районунун финансы бөлүмүн жетектеген.
- 1959-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган (партиялык күбөлүгүнүн номуру № 12851555). 1965-1967-жылдары эл депутаттарынын Ноокат райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
- А Тажибаев 1967-1969-жылдары Москва шаарындагы КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебинде окуган.
- 1969-1974-жылдары Ала-Бука райком партиянын биринчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары кызматтарында иштеген.
- 1971-жылдын 5-мартында Кыргызстан КПнын XV съездинде Борбордук комитеттин текшерүү коммисияснын мүчөлүгүнө шайланган. 1971-жылдан баштап 1987-жылга чейин үзүрлүү эмгектеринин натыйжасында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 4 жолу депутаттыка шайланган.
- 1974-1975-жылдары кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин партиялык уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1975-1978-жылдары партиянын Өзгөн, Кара-Суу райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп иштеген. 1976-жылы Кыргызстан КПнын XVI съездинде Борбордук комитеттинин мүчөлүгүнө шайланган.
1978-1987-жылдары Эл депутаттарынын Ош облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1987-1989-жылдары Ош облустук мамлекеттик камсыздандыруу башкармасынын башчысы, 1989-1994-жылдары Ош облустук жаратылышты коргоо комитетинин төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенген.
- 1994-1997-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы, 1997-2007-жылдары “Кыргыз Тамекиси” мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директорунун жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатордун айыл чарба маселелери боюнча кеңешчиси болгон. Ош облустук кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган.
Ал эми 2007-жылдан 2020-жылга чейин Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
А Тажибаев райондук жана облустук мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган.
1970-жылы “В.И.Лениндин 100 жылдыгы юбилейлик” жана “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалдары, 1971-жылы СССР Жогорку Советинин президиумунун указы менен “Ардак белгиси” ордени менен, 1978-жылы “СССРдин мамлекеттик чек арасын коргоодогу артыкчылыгы үчүн” медалы, 1980-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун ардак грамотасы, 1981-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 1984-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1992-жылы Кыргыз Республикаснын “Жаратылышты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери” ардак наамы ыйгарылган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын “Журт Атасы” алтын төш белгиси, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
2000-жылы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин 2-чакырылышынын 3-отурумунун №3 чечими менен Ноокат райондук маданият үйүнө Абдиваит Тажибаевдин ысымы ыйгарылган. 2002-жылы Ош облустук мамлекеттик архивинде А.Тажибаевдин жеке фонду уюштурулган.
Ноокат, Ала-Бука, Өзгөн райондорунун жана Ош облусунун “Ардактуу атуулу”
наамы ыйгарылган.