ОшМПУда УКМК кызматкери тарабынан старосталарга жыйын өткөрүлдү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда УКМК кызматкери тарабынан старосталарга жыйын өткөрүлдү
4 февраль 2025
41

ОшМПУда УКМК кызматкери тарабынан старосталарга жыйын өткөрүлдү

ОшМПУда УКМК кызматкери тарабынан старосталарга арналган жыйын өткөрүлдү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкеринин катышуусунда коррупцияны алдын алуу жана жоюу маселеси боюнча старосталар үчүн жыйын өткөрүлдү.
Иш чарага УКМКнын Оштогу кызматкери, ОшМПУну көзөмөлдөгөн куратор, университеттин ректору Бекмурза Зулуев, 6 факультеттин жана колледждин бардык старосталары катышты.
Жолугушууда ректор Бекмурза Зулуев алгач студенттерге жыйындын максаты тууралуу түшүндүрмө берди. Бул менен бирге окутуучулар менен старосталар тыгыз байланышта болгондуктан аларды мындай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, жетекчилик тарабынан коррупция боюнча олуттуу эскертүүлөрдү берди. Аны улай 2024-жылы Ош шаарында жана Ош облусунда окуу жайларда жүз берген коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бети ачылган кылмыштар туурасында видео тасма көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө куратор старосталарга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларындагы беренелерге өзгөртүүлөр киргендигине токтолду. Ошондой эле коррупциялык элементтер камтылган көрүнүштөрдөн мисал келтирип, анын кесепеттерин айтып, тиешелүү укуктук жоопкерчиликтерге, жазалардын күчөтүлүшүнө кеңири токтолуп, коррупциялык иштерди болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Эскерте кетсек буга чейин коррупцияга каршы түшүндүрүү иштери окутуучуларга да уюштурулган.    
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro