3-ФЕВРАЛДА АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » 3-ФЕВРАЛДА АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ
4 февраль 2025
90

3-ФЕВРАЛДА АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ

3-ФЕВРАЛДА АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТОО БАШТАЛДЫ
2025-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында 3-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат. ЖОЖдордун гранттык орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тести милдеттүү болуп саналат.
Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө предметтик тесттерди тапшырышы керек. Абитуриенттин предметтик тестти (тесттерди) тандоосу ал окуйм деп тандап алган адистиктен көз каранды. Абитуриенттерге химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер сунушталат.
КР ББИМдин 2024-жылдын 7-февралындагы № 191/1 буйругуна ылайык 2024-жылдан тартып КРдин ЖОЖдоруна тапшырган абитуриенттер үчүн мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү болуп саналат. Бул тесттин жыйынтыктары ЖОЖдорго кабыл алууда таасир этпейт. Бирок негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары (ЖРТ сертификаты), мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча, берилбейт.
Каттоо акысы 2025-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт. Тест болжол менен 2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин өткөрүлөт. 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro