И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы ОшМПУда
10 февраль 2025
62

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы ОшМПУда

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы ОшМПУда

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен түзүлгөн делегация конок болушту.

Мында  Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу башкармалыгынын башчысы Эдилбек Амантур уулу баштаган жетекчилер, факультет декандары, институт директорлору болду.

Делегацияны алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков тосуп алып, жыйында эки окуу жай ортосундагы кызматташтык туурасында сөз болду. Аталган жолугушуу тараптар ортосунда ынтымакты бекемдөө, билим берүүдөгү бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу жана  тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Аны улай коноктор университеттин материалдык – техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу жайга кенен саякат курушту. Бул менен бирге алар факультеттер тууралуу да мааалымат алып, айрым   сабактарга  учкай катышып өтүштү. Ошондой эле окуу жайдын ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаева, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу масстер-класстарды өтүп беришти.

Белгилей кетсек окуу жай Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен илим жана билим берүү жаатында, анын ичинде педагогикалык багытта активдүү кызматташып келет.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro