ОшМПУда ЭРКЕКТЕР АРАСЫНДА ЖУГУШТУУ ЭМЕС ООРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ АКЦИЯСЫ ЖҮРДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда ЭРКЕКТЕР АРАСЫНДА ЖУГУШТУУ ЭМЕС ООРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ АКЦИЯСЫ ЖҮРДҮ
12 февраль 2025
24

ОшМПУда ЭРКЕКТЕР АРАСЫНДА ЖУГУШТУУ ЭМЕС ООРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ АКЦИЯСЫ ЖҮРДҮ

ОшМПУда ЭРКЕКТЕР АРАСЫНДА ЖУГУШТУУ ЭМЕС ООРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ АКЦИЯСЫ ЖҮРДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттерге жана агайларга эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын (ЖОЭ) алдын алуу үчүн медициналык кызмат көрсөтүлдү.
Ага жалпы 18 жаштан жогорку студент балдар, агайлар жана чарба кызматкерлери катышып, акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү. Мында жугуштуу эмес оорулардын (жүрөк-кан тамыр, кант диабети, гипертония ж.б.) алдын алуу, эркектерди медициналык кароодон өтүүгө жана саламаттыгын көзөмөлдөөгө үндөө, бой, салмагын өлчөө, оорулардын татаалданышын болтурбоо жана эрте диагностика коюуга басым жасалды.
Статистика көрсөткөндөй, аялдарга салыштырмалуу эркектер жугуштуу эмес оорулар менен көбүрөөк жабыркайт. Анткен менен медициналык мекемелерге азыраак кайрылышат. Мунун натыйжасында оорулар өз убагында аныкталбай, ден соолукка олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Белгилей кетсек, иш чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо максатында “Жооптуу бол!” республикалык бир айлыгынын алкагында өткөрүлдү.
Маалымат иретинде 2024-жылдагы бир айлыктын жүрүшүндө өлкө боюнча 680 000ден ашык эркек медициналык кароодон өткөн. Алардын ичинен 127 000 ден ашык адамда (19%) жугуштуу эмес оорулардын коркунучтуу факторлору аныкталган.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro