ЖОЖдор АРАЛЫК ТАМАШОУ ТАЙМАШЫНДА ОшМПУ 1-ОРУН » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЖОЖдор АРАЛЫК ТАМАШОУ ТАЙМАШЫНДА ОшМПУ 1-ОРУН
14 февраль 2025
32

ЖОЖдор АРАЛЫК ТАМАШОУ ТАЙМАШЫНДА ОшМПУ 1-ОРУН

ЖОЖдор АРАЛЫК ТАМАШОУ ТАЙМАШЫНДА ОшМПУ 1-ОРУН
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “VIP STAR” командасы ЖОЖдор аралык өткөрүлгөн тамашоунун “Stud liga” шайыр тапкычтар күлкү долбоорунда 1-орунду ээледи.
Иш чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин колдоосу менен өткөрүлүп, мында Ош жана Баткен облусунан суурулуп чыккан жалпы 12 команда кызуу оюн курушту. Жобого ылайык ар бир команда өз даярдап келген номерлерин көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Жыйынтыгында баш байгени окуу жайдын “VIP STAR” командасы багындырып, финалга жолдомо алды. Ал эми 2-орунду ОшТУнун “Yes name” командасы, 3-орунду ОшМУнун “Элдин кыздары” командасы ээлеген. Активдүү оюн көрсөткөн командаларга диплом жана сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек оюндун финалдык баскычында жеңүүчү команданы автоунаа күтөт.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro