26 февраль 2025
58
Окуу жайда КР ИИМнин кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу өттү
Окуу жайда КР ИИМнин кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош ШИИБнин Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш чаранын коноктору милициянын полковниги Нурбек Шерикбаев, милициянын подполковниги Мирланбек Турдалиев, милициянын ага лейтенанты Уларбек Маканов болуп, ага окуу жайдын студенттери күбө болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш түшүнүгү, кылмыш жана жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы, экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, кылмыш жасагандар үчүн жазанын түрлөрү тууралуу маалыматтар берилип, видео тасма көрсөтүлдү.