26 февраль 2025
55
“КЫРГЫЗ ТААНУУ” САБАГЫ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА 10 КҮНДҮКТҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ ЧАРАСЫ
ОШТО “КЫРГЫЗ ТААНУУ” САБАГЫНЫН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА 10 КҮНДҮКТҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ
Бүгүн Оштогу Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Кыргыз таануу” окуу-курсунун жана Эл аралык эне тил күнүнө карата 10 күндүктүн жыйынтыктоочу иш чарасы өттү.
Аталган саамалык Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте уюштурулду. Ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ЖОЖдордун жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы, ОшМУ, ОшТУ жана ОшМПУ сыяктуу жогорку окуу жайлардын таланттуулары тарабынан дүйнө элдеринин улуттук бийлери жана элдик обондору жаңырды. Бул менен бирге кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар мамлекеттик кызматкерлерге жана окутуучуларга Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Ал эми экинчи бөлүк КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин “Кыргыз таануу” окуу-курсунун негизиндеги семинары менен уланды. Мында төрага алгач катышуучуларды кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында учурда жүрүп жаткан санарип айдыңындагы продуктулар менен тааныштырып, аны улай “Кыргыз элинин окутулбаган тарыхы” темасында кенен баяндама жасады.
Семинардын жүрүшүндө б.з.ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдиргенден тартып кыргыз тарыхын талдап, улут катары калыптануу жолундагы урунттуу учурлары жөнүндө кенен маалымат берилди. Мындан сырткары кыргыздын каада-салттары, алардын чечмелениши тууралуу да айтып, иш чара жогорку маанайда жыйынтыкталды.



