6 март 2025
23
ОшМПУнун айымдарына майрамдык сыйлыктар тапшырылды
ОшМПУнун айымдарына майрамдык сыйлыктар тапшырылды
8-март-Аялдардын Эл аралык майрамы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өзгөчө маанай менен башталды.
Бүгүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат айымдарды жаз менен кошо кирип келген майрамы менен кызуу куттуктады. Ага ылайык окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жигердүү эмгектенген окутуучу эжекелерге, кызматкерлерге жана мыкты окуган студент кыздарга окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бул менен бирге ректор өз сөзүндө ааламдын көркү болгон жалпы аялзатын аруу майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду, баркы дайыма жогору экенин баса белгиледи. Аталган сыйлыктар сабак учурунда, иш үстүндө, жолдо бара жаткан учурда жеринен тапшырылып, айымдарга күтүүсүз майрамдык маанай тартууланды.