3 апрель 2025
15
КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОшМПУда
КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОшМПУда
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен түзүлгөн делегация конок болушту.
Делегациянын курамында Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Кадралиев, чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк жана башкалар болду.
Конокторду университеттин ректору Бекмурза Зулуев тосуп алып, алгач делегация университеттин материалдык техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты. Ага катар музыкалык-педагогикалык факультетинин “Кербен” фольклордук ансамбли өз чыгармачылыгын тартуулап, робототехника борбору тууралуу кыскача маалыматтар берилди. Ошондой эле делегация заманбап техникалык каражаттардын жана инновациялык программалардын жардамы менен өтүлгөн жаш окутуучулардын сабактарына да күбө болушту.
Андан соң профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда расмий жыйын өткөрүлдү. Мында билим берүүдө, илимий жана маданий тармактарда кызматташуу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу жана студенттердин мобилдүүлүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада тараптар ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.