Окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду
3 апрель 2025
84

Окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду

Окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинде ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чара “Ата-эне – баланын зор тиреги” аталышында өтүп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, аталган факультеттин деканы Кундуз Миңбаева баштаган окутуучулар, студенттер жана ата-энелер катышты. Саамалык келечектеги компотенттүү адистерди даярдоодо ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу максатын көздөйт.
Жыйында студенттердин быйылкы жетишкендиктери, окууда жана спорттук, маданий иш чаралардагы активдүүлүгү жана окуу жайдагы соңку жаңылыктар боюнча түшүнүк берилди. Ошондой эле катышуучуларга факультет тууралуу жалпы маалымат берилип, университетте студентттердин татыктуу билим алуусуна түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр, негизги билим берүү программасы (НББП) боюнча кеңири маалыматтар айтылды.
Бул менен бирге “Кербен” фольклордук ансамбли жана таланттуу студенттер тарабынан жаштардын маданий чыгармачылыгын көрсөткөн концерттик программа тартууланып, соңунда уюштуруу тобу тарабынан мыкты окуган, коомдук иштерге жигердүү катышкан, үлгүлүү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro