6 апрель 2025
36
ОшМПУда мугалимдерге арналган форумдун 2-этабы өтүүдө
ОшМПУда мугалимдерге арналган форумдун 2-этабы өтүүдө
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Билим берүүдөгү жаңы горизонттор:мугалим жана технология " аталышындагы форумдун 2-этабы өтүп жатат.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты жана Ош шаарындагы мектеп мугалимдери катышууда. Ал эми алыскы аймактагы катышуучулар онлайн форматта күбө болушууда. Мында университеттин окутуучулары тарабынан мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү STEAM, PISA технологиялары боюнча атайын курстар өтүлүүдө.
Сабактарды окуу жайдын алдындагы Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.д Жыпаргүл Шербаева, аталган бөлүмдүн адиси Айзат Абдыразак кызы, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу жана санариптик сабаттуулук боюнча улуттук тренер Кундуз Арапова, математика жана компьютердик технологиялар кафедрасынын окутуучусу Айсырга Ырысбаева, колледждин Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Айнура Жороевалар өтүп жатат. Соңунда курстан өткөн мугалимдерге сертификаттар тапшырылат.
Белгилей кетсек форумдун алгачкы этабында мугалимдер арасында педагогикалык билимди жана эмоционалдык интеллекти аныктоого багытталган онлайн форматта тестирлөө жүргүзүлгөн. Аталган саамалык Ош, Баткен, Жалал-Абад областарындагы жана Ош шаарынындагы мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана аларга усулдук жактан колдоо көрсөтүү максатында окуу жайдын 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Форум 5 этаптан туруп, алдыда дагы да уланмакчы.




