7 апрель 2025
31
ОшМПУ алдыда Якутиянын Арктикалык мамлекеттик маданият жана искусство институту менен кызматташат
ОшМПУ алдыда Якутиянын Арктикалык мамлекеттик маданият жана искусство институту менен кызматташат
Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Якутиянын Арктикалык мамлекеттик маданият жана искусство институтунун I проректору Станислав Иванов атайын иш сапары менен келди.
Конокторду окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, мүмкүнчүлүктөр, маданият жана искусство, мобилдүүлүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул менен бирге аталган институт менен университеттин музыкалык-педагогикалык факультетинин окуу программасы дал келээри маалымдалды. Натыйжада алдыда тараптар ортосунда кызматташуу келишими түзүлөөрү айтылды.