ОШМПУда РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОШМПУда РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУ ӨТТҮ
10 апрель 2025
46

ОШМПУда РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУ ӨТТҮ

ОШМПУда РЕКТОРДУН БИЛИМ КУБОГУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ректордун “Билим” кубогунун алтынчы айлампасы өткөрүлдү.
Саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, профессор Балтагул Нурунбетов баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер күбө болушту.
Акыл таймашта ар бир факультеттен жана колледжден тандалып алынган 8 студент ат салышып, өз билим деңгээлдерин сынашты. Жаштардын билимин жана интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө багытталган бул интеллектуалдык таймаш окуу жайдын 100 жылдык мааракесине арналды. Мында атааңдаштар улуттук баалуулуктар, дүйнө тааным, кыргыз наркы, макал-лакаптар, билим берүү жана ОшМПУ-100 өңдүү категориялардын негизинде күч сынашты.
Катышуучулар ар бир суроого ыкчам жооп кайтарып, сахнада билим, тапкычтык жана логика багытында мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен III-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Гулиза Маматалиева ээледи. II-орунду колледждин студенти Асема Кармышакова багындырды. Ал эми баш байгени табият таануу жана география факультетинин студенти Таттыбүбү Жаңыбаева ээлеп, ректордун Билим кубогунун жеңүүчүсү аталды.
Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүп гана тим болбостон, улуттук нарк менен заманбап билимди айкалыштырып, келечекке ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түзөт.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro