100 жылдыктын каарманы Молдоканова Калбү Исмаилбековна » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » 100 жылдыктын каарманы Молдоканова Калбү Исмаилбековна
11 апрель 2025
56

100 жылдыктын каарманы Молдоканова Калбү Исмаилбековна

Өмүрүнүн өлчөмдүү мезилдерин ушул окуу жайда өткөрүп, таң аткандан, күн батканча студенттерге билим берип, жамааттын кесипкөй, ардагер агартуучусуна айланган Калбү Молдоканованын университетте эмгектенип келе жатканына быйыл 50 жылдын жүзү болду. I кылымды баштан кечирген окуу жайда жарым кылымдан бери кызмат өтөп келе жаткан эжейибизди 100 жылдыктын каарманы катары тандап алып, анын өмүр таржымалын, эмгек жолун жалпыга тааныштырабыз.

 

Молдоканова Калбү Исмаилбековна 1951-жылы 26-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл-өкмөтүнүн Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Молдоканов Исмаилбек жогорку билимдүү агроном болгон, жубайы Абдалова Сары менен бирге 6 кыз, 2 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Калбү Молдоканованын балалыгы туулган айылында өтүп, ошол кездеги Өзгөрүш орто мектебинде 10-классты аяктаган.

 

 “Мен мугалимдик кесипке окуучу кезимден эле кызыккам. Анткени ал кезде бизди окуткан мугалимдер абдан күчтүү болчу. Айылда свет жок болчу, телевизор да көрбөдүк, китеп менен гана билим алдык. Башталгыч класс кезибизде окуткан Султангазыева Сама деген эжекем бар эле. Абдан билимдүү, жүрүм-туруму менен өзүнө тартып, сулуу келген эжеке болчу. Ушул эжекемдин таасири менен мен да мугалим болдум. Кайрадан кесип тандоо мүмкүнчүлүгү болсо деле мен мугалим болмокмун.

    

 

Орто мектепти бүткөндөн кийин 1970-жылы Ош педагогикалык институтуна окууга өтүп, кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Окууну аяктап эле Айдаркендеги Титов атындагы мектеп-интернатында алгачкы эмгек жолун баштаган. 1975-жылы 1-сентябрдан Ош педагогикалык училищасынана эмгек жолун улап, учурга чейин кызматын өтөп келүүдө.

 

“Бул кесипти аркалап келатканыма быйыл 50 жыл болуптур. Ушул жылдар аралыгында көп кыйынчылыктар болду, бирок, бул кесипти, ишимди таштап кетүү оюма да келбеди. Ушунча жыл иштеп жүрүп, эми ушул жашка келсем дагы окуу жайды таштап кете албай атам.”

 

Педагогикалык училищада чакан жамааттын ичинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдерден Кеңеш Касымалиева менен Калбү Молдоканова гана эмгектенишчү. Каарманыбыз ошол  кездеги 24 жаштагы жаш мугалимдин бүгүнкүдөй дасыккан окутуучуга айланышына Кеңеш эжеке себепкер болгон дейт. Дал ушундай мыкты кадрлардын аз да болсо салымы менен университет бир да токтобостон, өсүп-өнүгүп гана келе жатканын өзгөчө кубануу менен айтып өттү.

 

“100 жылдык тарыхы бар окуу жай, жөнөкөй эле жол менен 100 жылга жеткен жок. Мен келгенден бери бул окуу жай өсүү жолунда гана келатат. Университет алгач шаардын ортосунда, азыркы филармония тарапта жайгашкан эле. Имарат абдан эски, жамгыр жааганда кадимкидей суу түшчү. 1977-жылдан студенттик жатакананын имаратына көчүп келгенбиз. 1982-жылы сентябрь айында  азыркы 3 кабаттуу корпус бүтүп, ишке берилген. Ушул жаңы корпустун ар бир бурчун өз колдорубуз менен жууп, тазалаган элек. Ал эми азыр андан да заманбап имараттар курулду. Мына ушул өзгөрүүлөрдүн баарын көрүп жатканыма абдан кубанам”

 

 

Өз кесибин ардактаган чыныгы мугалимдердин сап башынан дал ушул Калбү эжекени көрсөк болот. Анткени эжекебиз  студенттердин сүйүктүү устатына айланып, кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болуп, окуу жайдын өнүгүүсү үчүн да чоң салым кошо алды. Ал мугалимдик кесипке өмүрүн арнаганы үчүн анын түйшүгүн да, жоопкерчилигин да, айлыгынын аздыгын да көңүлгө түйбөй, берилүү менен эмгектенип келди.

 

“50 жыл мурда окуу жайда студенттердин билим берүү сапаты жогору болчу. Себеби, мептептен жалаң жакшы окуган артыкчылык күбөлүк менен аяктаган окуучулар гана мугалимдик кесипке тапшырышчу.  Менин көз карашым боюнча учурда студенттер мектептен тандалбай эле, мугалимдик түйшүктү көтөрө алабы, билими жетеби, ага карабай эле келип аткканын бир кемчилик деп билем.  Окууну бүткөндөн кийин мектепке кайра барбай атканы да ошондон. Өздөрүнө ишенбейт, билими жетпейт жана кесипти сүйбөйт. Бул көрүнүш мени бир аз өкүндүрөт.”

 

Калбү Молдоканова өзүнүн күжүрмөн ак эмгеги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, Эл агартуунун мыктысы төш белгиси, Улуттук тил комиссиясынын Ардак грамотасы жана төш белгиси, КРнын илим билим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун Ардак грамотасы жана төш белгиси сыйлыктары  жана окуу жайдын эмгек сиңирген мугалими наамы менен сыйланган. Эжекебиздин окуу жайда өткөн ар бир күнү билим берүүгө жана жаш муундун жаркын келечегине арналды. Көп жылдык ак кызматы үчүн алкыш айтабыз!

Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева

  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro