ОшМПУ ТУРКИЯНЫН НЕЖМЕТТИН ЭРБАКАН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ ТУРКИЯНЫН НЕЖМЕТТИН ЭРБАКАН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
14 апрель 2025
13

ОшМПУ ТУРКИЯНЫН НЕЖМЕТТИН ЭРБАКАН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ОшМПУ ТУРКИЯНЫН НЕЖМЕТТИН ЭРБАКАН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
Бүгүн Туркиянын Нежметтин Эрбакан университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университети ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.
Ага ылайык аталган университеттин ректору, профессор Жем Зорлу баштаган өкүлдөр окуу жайга келип, аларды ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам жылуу кабыл алышты.
Коноктор менен жамааттын чакан жолугушуусу уюштурулуп, мында эки окуу жайдын таанышуу аракеттери болду. НЭУнун ректору, профессор Жем Зорлу окуу жайы тууралуу маалымат билдирүү менен катышуучулардын айрым суроолоруна жооп берип, кенен баарлашуу жүрдү. Андан соң, ректорлор эки тараптуу меморандумга кол коюшуп, мындан ары тыгыз кызматташууну максат кылышты.
Алдыда биргелешкен изилдөө жана өнүктүрүүү долбоорлору, студенттик мобилдүүлүк жана окутуу программалары чөйрөсүндө түз кызматташтык ишке ашат.
Нежметтин Эрбакан университети 2010-жылы түзүлгөн. Учурда 40 000ден ашуун студенттер билим алышат жана 2400дөн ашуун илимий кызматкер эмгектенет. Университетте 20 факультет, 4 институт, 7 пофессионалдык окуу жайлары, 35 изилдөө борборлору, университеттин ооруканасы, стоматалогиялык ооруканалары кызмат көрсөтөт.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro