11 май 2025
33
100 жылдыктын кезектеги каарманы КОМЕНДАНТ ЖАКЫП агай.
Окуу жайда өскөн дарактын жалбырагы Жакып агайдын уруксатысыз жерге түшпөйт. Анткени агайыбыз имараттын ички жана сырткы тазалыгын тескеп, көз кубанткан түркүн гүлдөрдү өстүрүп, биздин окуу жайдын көркүн ачып турат. Ал арада студенттерге сабак өтүп, 43 жылдан бери агартуу менен алпурушуп келе жатат. 100 жылдыктын кезектеги каарманы КОМЕНДАНТ ЖАКЫП агай.
Гедейбаев Жакыпжан Абдумаликович 1951-жылы учурдагы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Фрунзе колхозунда төрөлгөн. Ал үч бир туугандын кенжеси, ата-энеси колхоздо эмгектенишкен. Балалыгы айылда өтүп, 1969-жылы Кызыл-Жылдыз атындагы 10 жылдык орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Андан соң 1 жылдай колхоздо иштеп, 1970-жылы Жалал-Абаддагы Пушкин атындагы педагогикалык училищада дене тарбия адистигинде окууга тапшырган. Училищада окуп жүргөн учурда аскерге чакырылып, 2 жыл кызмат өтөп келген. Армиядан 1973-жылы кайтып келип, кайрадан окуусун улантып 3 жылдык училищаны ийгиликтүү бүтүргөн. Бул менен гана чектелбей окуусун жогорулатууну көздөп, 1975-жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна тапшырган.
"Мен мектепте окуп жүргөндө эле спортко аябай кызыгып жүргөм. Ал кезде тренер деле жок, телевизордон спортсмендерди, футболисттерди көрүп алып өзүмчө машыгып жүрө берчүмүн. Ушул кызыгуум менен дене тарбия адистиги боюнча училищага тапшыргам. Биз окуган жылдары каражат маселеси оор болчу. Ошентсе да окууга өз күчүм менен тапшырып, жакшы окуп бүтүргөм. Училищада абдан жакшы баалар менен окуумду аяктап, аны жогорулатуу үчүн Фрунзедеги Дене тарбия институтуна тапшыргам. Ал жакта 80-90 % орус улутундагы студенттер, бир гана тарых менен экономика предмети гана кыргыз тилинде өтүлбөсө калган сабактар баары орус тилинде өтүлчү. Ошол орус балдар менен атааңдашып, тырышып окуп жүрүп, 2-разрядка жеткем."
Дене тарбия сабагы айрымдар үчүн эң жеңил жана жөнөкөй предмет көрүнөт. Бирок, анын биздин жашообузда өмүр бою коштоп өтүүчү пайдасы бар эмеспи. Жакып агай дал ушул баалуулукту сезе билип, ар бир окуткан окуучусун предмети аркылуу патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо миссиясын жан дили менен аткарып келет. Жакып агай жаш кезинен ушул максаттарга умтулуп, анын аракетинде эки окуу жайды бүтүргөн. Жогорку билимдүү адис болгондон кийин алгачкы эмгек жолун Оштогу Гагарин орто мектебинен баштап, ал жерде 2 жылдай иштеген.
"Дене тарбия педагогиканын бир бутагы. Бул предмет аркылуу балдарды мекенди коргоого, патриоттуулукка, ийкемдүү, тартиптүү болууга үндөйбүз. Билгенге дене тарбия өтө татаал предмет, мисалы математикадан кем калбайт. Фрунзеде окуп жүргөндө орус мектептерге практикага чыгып, абдан такшалдым. Мугалим кандай сабак берет, кандай усулдарды колдоноорун баарын үйрөнүп, орустар менен бир топ тил табышып калган элем. Окууну бүтүп, Ошко келип иштеп баштаганымда бул жакта баары кыргыздар болгон үчүн сабак өтүү, баарлашуу бир топ жеңил болуп калган."
Каарманыбыз көпчүлүккө өзүнүн жөнөкөйлүк, жумшак мүнөзү менен өзгөчө үлгү болуп келет. Ар дайым жылуу саламдашып, жумушун чоң жоопкерчилик менен аткарып, өзүнүн тактыгынан тайбайт. Дал ушундай күжүрмөндүгү менен агай 1982-жылы Ош педагогикалык училищасына дене тарбия мугалими болуп ишке кирип, 2001-жылы университеттин коменданты кызматына дайындалган.
"40 жыл мурда бул окуу жай таптакыр башкача эле, материалдык-техникалык абалы, сырткы көрүнүштөрү да. Окуу корпустун айланасынын баары таш болчу. Азыркы жаркыраган стадиондо үйлөр, үйдүн фундаменттери бар эле. Анын баарын бузуп, тегиздеп, стадионду өз күчүбүз менен жасаганбыз. Андан бери университетибиз көп өзгөрдү, өнүктү."
"Комендант болгондон бери менин жумуш күнүм эрте менен 08:00дөн башталат. Күндө эрте менен келип, алгач кароолдон кабар алам, окуу жайдын тынчтыгына көңүл бурам, вахтерлорду эрте мененки сменге кабыл алам. Андан кийин эртеден-кечке гүл эгип, окуу жайдын ички-сырткы тазалыктарына көңүл буруп, өз жумушубузду аткарып жүрө беребиз. Арада сабактарымды өтүп, студенттерге билим берип, аларды коомдун керегине, өлкөбүздүн жаркын келечегине салым кошо алгандай деңгээлде тарбиялоого аз да болсо салым кошуп жатам десем болот."
Жубайы Аймончок Миңбаева да учурда ОшМПУнун колледжинде математика мугалими болуп иштеп жатат. Учурда бул жубайлардын 4 кызы бар. Алар да ата-энесинин жолун жолдоп, мугалимдик кесипти тандашкан. Жакып Гедейбаевдин аткарган иш аракеттери дароо көзгө урунат, жагымдуу маанай тартуулайт. Көпчүлүк көрүп суктанган короо толгон гүлдөрдөн баштап, окуу жайдын ар бир кызматкери агайдын университет үчүн жасап жаткан ак эмгегине алкыш айтабыз. Жаш муунга татыктуу билим берип, болочок спортчуларды, чемпиондорду жана мугалимдерди даярдоодон талбаңыз.
Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева