100 жылдыктын каарманы Караева Рахима Кадыркуловна » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » 100 жылдыктын каарманы Караева Рахима Кадыркуловна
29 май 2025
10

100 жылдыктын каарманы Караева Рахима Кадыркуловна

100 жылдыктын каарманы Караева Рахима Кадыркуловна

Окуу жайдын өнүгүүсүнө эмгеги сиңген, далай келечек жаштарын билим менен суугарып, өзүнүн кесибин жан дили менен сүйүп, ардактап, аркалап келе жаткан Рахима Кадыркуловна 100 жылдыктын кезектеги каарманы болмокчу. 47 жылдык педагогикалык стажга ээ болгон эжекебиздин эмгек жолу бир гана ОшМПУ менен тагдырлаш жана тамырлаш. Бул макалада каарманыбыздын өмүр таржымалын жана педагогикалык ишмердүүлүгүн баяндайбыз.

 

Караева Рахима Кадыркуловна 1957-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында жарык дүйнөгө келген. Үй бүлөдө 12 бир тууган болуп, атасы Кадыркул Абдразаков жогорку билимдүү агроном, райком жана Улуу Ата мекендик согуштун ардагери болсо, апасы Айтаажы Миңбаева уйгур элинин кызы болгон.

 

Каарманыбыз 1964-жылдан тарта Кара-Суудагы №66 Ленин орто мектебинде окуп, 10-классты ийгиликтүү аяктаган. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетине окууга тапшырган. 4 жыл окуп, орус тили жан адабияты адистигин ийгиликтүү аяктаган соң, азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине ишке кирип, эмгек жолун баштаган.

 

“Мен окууну бүтүп, Жусуп Токтосунович ректор болуп турган убакта жатаканага тарбиячы болуп ишке киргем. 1 жылдан кийин Людмила деген эжеке жумуштан кетип, анын сабактарын мага беришкен. Ал кезде коллектив аз гана, кафедрада 2-3 гана мугалим кыргыз, калгандары баары орустар болчу. Ошол орус окутуучулар менен иштеп, алардан тажрыйба алып, көп нерсени үйрөндүм. Орус эжекелердин билими, уюштуруу иштери, сабак өтүү методикалары дагы өтө күчтүү эле. Аларды көрүп, такшалып, педагогикалык тажрыйба жыйнадым.”

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек сиңирген кызматкери Рахима Караева өз предметин окутуу менен бирге эле 1981-1983-жылдары  Мектепке  чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 1985-1990-жылдары парторгтун жардамчысы жана 1996-2000-жылы окумуштуулар кеңешинин катчысы кызматтарында кошумча эмгектенген. Ар бир жүктөлгөн кызматты чоң жоопкерчилик менен аткарып келген.

 

“47 жылдан бери бир гана ушул окуу жайда иштеп келе жатам. Башка окуу жайларга көп ишке чакырып жүрүштү “Кадыркуловна, что ты здесь делаешь? Пошли, у нас зарплата лучшая”-,деп. Эч биринин сунушуна көнбөдүм, себеби, коллективден эч кетким келбей койду. Бизде ал убакта айлыгыбыз азыраак эле, бирок, ошого карабастан шүгүр кылып иштедик. Мен бул жерде орус аялдар менен иштеп, алардан тажрыйба алып, аябай көнүп калдым. Мени ар дайым жамаат колдоду, сен жаш элең, деп эч кимиси тескебеди. Ошондуктан жамаатка деген урмат-сыйым күч болуп, алардан ажырай албай калдым десем болот.”

 

Каарманыбыз 2001-2006-жылы эжеке орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп иштеп, 2009-2017-жылдары “Сапат” бөлүмүн  да жетектеген. Ишмердүүлүгүндө 10го жакын окуу усулдук китептери бар.  Рахима эжеке өзүнүн токтоо, сылык, жөнөкөй мүнөзү, сүйкүмдүү ажары жана ишти берилгендик менен аткарганы үчүн эмгек жамааттын жамааттын катарында өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп, студенттердин сүйүктүү окутуучусуна айланган.

 

“Мен ишимди, студенттеримди жакшы көрөм. Ошондуктан бул кесибимден эч чарчоо, жадап кетүү деген болбоду. Биз окуткан адистикке айрым мугалим жетишсиз болгон тоолуу аймактардан орус тилин таптакыр өздөштүрө албаган студенттер да болот. Бирок, алар өздөрүнүн өтө тырышчаак, жөндөмдүү, аракетчилдиги менен 4 жылда орус тилин жогорку деңгээлде үйрөнүп, мыкты бүтүп кетишет. Кээ бир студенттер болот, өздөрү эстүүлүк кылып, кыргыз тилине которулуп кетишет. Ал эми сабакка жетишпей, сүйлөө речи жакшы болбой жаткандарды, сабактан кийин кошумча сабак өтүп, чакан китептерди окутуп,  кайра түшүнүгүн айттырып, дыкаттык менен иштешчүмүн. Студенттердин кол жазмасына өтө көңүл бурам, оңдойм. Дегеле ар бир студентке жеке көңүл бурам. Себеби, мугалимден көп нерсе көз каранды, студент аны карап түздөлөт, өсөт жана калыптанат. Ошол үчүн окутуучу ар бир студентке көңүл бурушу абзел.”

 

Дал ушундай үзүрлүү эмгеги менен Рахима Кадыркуловна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Билим берүүнүн отличниги, Жогорку кеңештин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы, Ош мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Ош облусунун профсоюз уюмунун Ардак грамотасы жана ОшМПУнун Ардак грамоталары менен сыйланган. Албетте, ар бир сыйлыгынын артында күжүрмөн эмгек жаан чоң жоопкерчилик жатат. Бул менен катар билим берүүдөгү ар бир  өзгөрүүнү кабылдап, жаңыланууларды өздөштүрүп, мугалим күн сайын билимин толуктап турушу шарт эмеспи.

 

“47 жылдан бери билим берүүдө көп нерсе өзгөрдү. Технология өсүп, методикалар өзгөрүп, алар менен бирге мугалимдер да өзгөрүп, заман талабына жооп бере ала турган деңгээлде биз дагы билимдерибизди кеңейтип келе жатабыз. Мисалы, мен эң биринчи ноутбук чыгып, презентациялар менен сабак өтүлүп баштаганда, атайын комптьютердик курска барып, үйрөнгөнмүн. Кийин балам ноутбук алып берип, колдонуп, өздөштүрүп кеттим. Анткени талапка ылайык иштей албасаң, анда кетишиң керек. Азыр эми электрондук панелдер менен сабак өтүп, техникалык гаджеттерди колдонуу көйгөй деле жаратпайт. Бирок, канчалык күчтүү техникалык каражат болбосун, китептин ордун баса албайт деп айта алам.”

 

Рахима Караева учурда бир кыз жана эки уулдун мээримдүү апасы. Үй бүлө туткасы менен окуу жайдын туткасын бирге кармап, жыл санап мыкты кесип ээлерин даярдап келе жатат. Эжекебизге бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалап, агартуу тармагы үчүн өтөгөн ак кызматына алкыш айтабыз.

Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro