16 апрель 2025
11
ОшМПУ ТАЛАНТТАРЫ “АЛА-ТОО ЖАЗЫ-2025” ЖАШТАР ФЕСТИВАЛЫНДА
ОшМПУ ТАЛАНТТАРЫ “АЛА-ТОО ЖАЗЫ-2025” ЖАШТАР ФЕСТИВАЛЫНДА
13-14-апрель күндөрү Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Ала-Тоо жазы-2025” фестивалы өткөрүлдү.
Сынактын 2-туру К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өттү. Анда өлкөнүн 7 дубанынан келген 20дан ашуун окуу жайлардын таланттары өз чыгармачылыгын көрсөтүштү. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулап, Мында алар вокал, автордук ыр, фольклор, инструменталдык искусство жана хореография жанрларында ат салышып, сахнада өздөрүн ар тараптан көрсөтүштү.
Натыйжада окуу жайдын студенти Жанболот Токтосунов автордук ыр жанры боюнча финалдык баскычка жолдомо алды. Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгү 14-апрель күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң салтанат менен өткөрүлдү. Бул фестиваль жаштарды өнөр дүйнөсүнө шыктандырып, маданий мурасты сактап, жайылтууга өбөлгө түзөт. Дагы бир артыкчылыгы өлкөнүн булуң-бурчунан келген жаштар үчүн достук аянтчасы боло алды.
Жыйынтыгында 5-орунга Нарын мамлекеттик университети, 4-орунга Ош мамлекеттик университети, 3-орунга Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2-орунга Кыргыз-Түрк “Манас” университети, ал эми 1-орунга И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ээ болду.
Ала-Тоо жазы фестивалы чыгармачылыкты туу тутуп, өнөр дүйнөсүн аздектеген жаштардын арбын экендигин далилдеди. Белгилей кетсек “Ала-Тоо жазы – 2017” сынагында ОшМПУ 1-орунду камсыздаган. Алдыда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен бул саамалык жыл сайын өткөрүлүп турат. 2026-жылы бул иш-чара Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөөрү белгилүү болду.



