БИРИМДИКТИ БЕКЕМДЕГЕН БИЛИМ ТАЙМАШ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БИРИМДИКТИ БЕКЕМДЕГЕН БИЛИМ ТАЙМАШ
16 апрель 2025
12

БИРИМДИКТИ БЕКЕМДЕГЕН БИЛИМ ТАЙМАШ

БИРИМДИКТИ БЕКЕМДЕГЕН БИЛИМ ТАЙМАШ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлар арасында “Билим” кубогу өткөрүлдү.
Саамалык окуу жайдын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыгына ылайык “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизинде университеттин Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Ага жалпы 10 орто окуу жайдын студенттери катышып, мында оюнчулар “Улуттук баалуулуктар”, “Дүйнө тааным”, “Кыргыз наркы”, “Макал-лакаптар”, “Билим берүү” багыттары боюнча түрдүү суроолорго жооп берип, өз ой-жүгүртүүлөрүн жана билим деңгээлдерин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен эң көп упай топтогон ОшМПУнун колледжинин студенти Асема Кармышакова таймаштын баш байгесин жеңип, “Билим” кубогуна ээ болду. Ал эми 2-орун Ош аймактык медициналык колледжинин студенти Айжан Жеенбаевага, 3-орун Ош айыл чарба техникумунун студенти Нурдөөлөт Автандил уулуна ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө атайын дипломдор, китептер, символикалык статуэткалар жана баалуу белектер тапшырылды.
Аталган акыл таймаш студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, китеп окуу маданиятын жайылтуу, терс таасирлерден алыс болууга шыктандыруу жана орто окуу жайлардын ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатын көздөйт. Мындай иш-чаралар жаштардын ой өрүшүн байытып, улуттук нарк-насилди терең билген интеллектуалдуу муунду тарбиялоого өбөлгө түзөт.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro