ОшМПУда профессор Абдыкерим Муратовдун эки жаңы эмгегинин бет ачары өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда профессор Абдыкерим Муратовдун эки жаңы эмгегинин бет ачары өттү
17 апрель 2025
14

ОшМПУда профессор Абдыкерим Муратовдун эки жаңы эмгегинин бет ачары өттү

ОшМПУда профессор Абдыкерим Муратовдун эки жаңы эмгегинин бет ачары өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде белгилүү жазуучу, п.и.д., профессор Абдыкерим Муратовдун “Эр Манас” жана “Алимбек Датканын арманы” аттуу жаңы китептеринин таанытымы өткөрүлдү.
Ага окуу жай жетекчилиги, Абдыкерим Муратовдун устаттары, курсташтары, шакирттери, илимпоздор, мугалимдер жана адабиятка кызыккан окурмандар катышты. Иш-чараны окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, бул эмгектер улуттук аң-сезимди, тарыхты жана маданий мурасты даңазалоодо чоң салым кошоорун белгиледи. Аны улай катышуучуларга профессордун өмүр таржымалын камтыган видео тасма көрсөтүлүп, музыкалык-педагогикалык факультетинин магистранты Тынарбек Бураев Манас эпосунан үзүндү айтты.
Автор өз сөзүндө “Эр Манас” китебинин жазылыш себебин түшүндүрүп: “Биз Манасты абдан даңазалап, көп айтабыз. Бирок аны жаштарга жеткирүүдө бир аз аксайбыз. Ошондуктан мен бул китепти ыр формасында эмес, кара сөз түрүндө жаздым. Бул менин эмес, манасчы Сагымбай Орозбаковдун эмгеги. Мен болгону ошол вариантты кара сөзгө айландырып, негизги өзөк окуяларын сактап, айрым кыскартуулар менен окурмандарга жеңил жеткирүүгө аракет кылдым”,- дейт.
Ал эми “Алимбек Датканын арманы” китеби жөнүндө: “Курманжан Датканы баары билет, бирок аны Курманжан кылган — Алимбек Датка. Ал архивдерде сакталып калган, бирок коомчулукта кеңири билинбей келет. Мен ошол маалыматтарды казып чыгып, тарых менен көркөм ойду айкалыштырып, жаңыча вариантта сунуш кылдым. Романдын өзөктүү окуялары жана жалпы сюжети мына ушул Асанбий уулу Алимбек датканын өмүр жолундагы урунттуу учурларды камтыйт”, — деп билдирди Абдыкерим Муратов.
Бул менен бирге т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов, п.и.д., Манас изилдөөчү Мисирали Колдошов, п.и.д. Азиза Саттарова, ф.и.к., кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Майрам Келдибай кызы сыяктуу окутуучулар аталган жаңы эмгектер боюнча өз ой-пикирлерин ортого салып, куттуктоолорду айтып, авторго мындан ары да ийгиликтерди каалап өтүштү. Соңунда катышуучуларга эркин микрофон берилип, кызыктуу суроо-жооптор уюштурулуп, кызуу талкуу жүргүзүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro