18 апрель 2025
10
ОшМПУнун “VIP STAR” командасы ЖОЖдор аралык тамашоу таймашында 1-орунду ээледи
ОшМПУнун “VIP STAR” командасы ЖОЖдор аралык тамашоу таймашында 1-орунду ээледи
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “VIP STAR” командасы ЖОЖдор аралык өткөрүлгөн “Stud liga” тамашоусунда баш байгени багындырды.
Бул ирет тамашоунун 3-айлампасы өткөрүлүп, финалга жакын этап катары өзгөчөлөндү. Күлкү таймашы Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулуп, ага Ош жана Баткен облусунан тандалып алынган 8 команда катышты.. Алардын катарында окуу жайдын “VIP STAR” жана “1 сом 50 тыйын” аттуу эки командасы катышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Мында жобого ылайык, ар бир команда өз алдынча даярдаган номерлерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында университеттин “VIP STAR” командасы калыстардын жогорку баасы менен таймашта 1-орундун жеңүүчүсү аталып, кубоктун жана акчалай сыйлыктын ээси болушту. Муну менен алар финалдык баскычка жолдомо алып, баш байге — автоунаа үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алышты.