XII АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » XII АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕДИ
21 апрель 2025
4

XII АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕДИ

XII АЙМАКТЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМПУ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕДИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жогорку окуу жайлар аралык XII аймактык студенттердин олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болушту.
Олимпиада бул жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде уюштурулуп, ага 7 жогорку окуу жайдын (ЖАМУ, ЭАУ,ИТЭИ, КӨЭУ, ОшМУ, БатМУ, ОшМПУ) студенттери катышты.
Иш-чарага окуу жайда даярдалып жаткан педагогикалык багыттагы адистиктерден 75 студент жана ага 25 жооптуу окутуучулар катышып, студенттер профилдик (кесиптик) 12 багыт боюнча, ал эми профилдик эмес 16 предметтен билимдерин сынашты.
XII аймактык студенттик олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ОшМПУнун 3 студенти 1-орунду багындырып I даражадагы диплом менен сыйланышты. Ал эми 8 студент 2-орун, 6 студент III орунду ээлеп, II, III даражадагы дипломдорго ээ болушту.
Мында социалдык иш профили боюнча Айзат Маматова, тарых профили боюнча Т(б)-1-22 тайпасынын студенти Тилек Райев, тарых (профиль эмес) предметинен Ан-23к-1 тайпасынын студенти Айгерим Султанова, орус тили (профиль эмес) предметинен х (б)-1-24 тайпасынын студенти Сугдиёна Ахматжановалар 1-орунду багындырышты.
Белгилей кетсек кезектеги университеттер аралык аймактык XIII олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Баткен мамлекеттик университетине берилди.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro