ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АРТУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АРТУУДА
22 апрель 2025
4

ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АРТУУДА

ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АРТУУДА
Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов баштаган өкүлдөр иш сапары менен ОшМПУга келишти.
Конокторду окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жылуу кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Мында педагогикалык багыттагы эки окуу жайдын алакасын арттыруу максатында бир топ иш чараларды өткөрүүнү пландап, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жана биргелешкен билим берүү программалары тууралуу баарлашышты.
Бул менен бирге ОшМПУнун 100 жылдык мааракесинин алкагында да бир топ иш аракеттерди жүзөгө ашырууну максат кылышты.
Эске салсак, февраль айында университеттин окутуучулар жамааты Андижан мамлекеттик педагогикалык институтуна барып, жакындан таанышып, конок-лекцияларды өтүп келишкен.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro